super.kg logo
  Спорт  

“Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча мелдеш өтүүдө

 

Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги Спорт Ордосунда “Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча мелдеш өтүп жатат. Мелдештин ачылыш аземине Каныбек Осмоналиев, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болот Мотукеев, бир катар спорт ишмерлери, легендарлуу спортчунун жакындары, спортчулар жана күйөрмандар катышышты.

Мелдештин башкы калысы Бакыт Асаналиев SUPER.KG порталына билдиргендей, мелдеш 27-ирет уюшулуп жатат. Кыргызстанда бул спорт түрүн жайылтууга багытталган мелдешке 115 спортчу катышууда. 16 жаштан жогорку курактагы уландар арасында 8 категория (56 килограмм салмакта, 62 кг, 69 кг, 77 кг, 85 кг, 94 кг, 105 кг, 105 килограммдан жогорку салмакта) боюнча медалдар ойнотулмакчы. Ал эми кыз-келиндер 7 салмакта (48 кг, 53 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 75 килограммдан жогорку салмакта) күч сынашууда. “Мелдешке чакырылган курамалардан Тажикстан менен Өзбекстан шартка байланыштуу келе албай калды. Андыктан мелдеш Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын спортчуларынын катышуусунда өтүүдө”,- дейт калыс. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: