super.kg logo
  Саясат  

Самбо боюнча Дүйнө кубогуна катышууга 9 спортчу барышы керек болсо, акча жоктугунан үчөөсү гана барган

 

Самбо күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катышууга Кыргызстандан 9 спортчу барышы керек болсо, акча жоктугунан үчөөсү гана барганын 12-декабрда депутат Алмазбек Баатырбеков менен жолугушууда айтышты. Депутат студенттер арасындагы Дүйнө кубогунан байгелүү орунду жеңип келген спортчуларды куттуктады.

Мелдеш жыйынтыгында Кыргызстандын үч спортчусу тең медалга ээ болуп, 24 өлкөнүн ичинен 2-орунду камсыз кылышканын айтышты. Машыктыруучу Антон Зверевдин айтымында, Дүйнө кубогунда Артур Те алтын медалга, ал эми Арсен Камчыбеков менен Асанбай Өтөгөнов коло медалга ээ болушту. Үчөө тең Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 4-курсунун студенттери. Баатырбеков кыргыз спорту азыр өнүгө баштаганын, бирок ага өз деңгээлинде көңүл бурулбай жатканын айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: