Бишкекте көркөм гимнастика боюнча мектепке чейинки курактагылар арасында биринчилик болуп өттү





Бишкектин Свердлов районунда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын арасында көркөм гимнастика боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдештин ачылыш аземинде Свердлов районунун акими Алтынай Өмүрбекова жана Шаардык спорт комитетинин башчысы Шейшенкул Бакиров сөз сүйлөштү. Анда курамындагы бештен спортчу менен жалпысынан 6 команда катышты. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, кубок жана медалдар менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.