super.kg logo

Кыргызстанда 155 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар, алардын ичинен 26 миңи 18 жашка чейинки балдар

 
Шопоков шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнүн тарбиялануучусу Иван келген конокторго "Кызыл өрүктү" ырдап берди. "Мен келечекте ырчы болууну самайм",- дейт Иван.
"Бул жакта ата-энелери баш тарткан балдар тарбияланат. Биз аларга өзүбүздүн балдарыбызга берген мээримибизди төгүп, колубуздан келген колдообузду көрсөткөнгө аракеттенебиз",- дейт Шопоков шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнүн директору Айзада Асанова.
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев бир нече мүнөткө бул балдарга аталык мээримин төктү көрүнөт.
Бул баланын аты - Белек, ал 8 жашта. Тилекке каршы, анын оорукчан экенин билген ата-энеси андан баш тартышкан.
Кыргызстанда 155 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар, алардын ичинен 26 миңи 18 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Шопоков шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын үйдүн ачылыш аземинде КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Бүгүн пайдаланууга берилген балдардын үйүндө жалпы 12 бала болот. Ал эми мындай психоневрологиялык оорулар менен жабыркаган балдардын жалпы саны 395ти түзүүдө. Алар Жалал-Абад жана Сокулуктагы психоневрологиялык интернаттарда баш калкалап келишет. Бул үйдүн өзгөчөлүгү - мындан мээрим жана жылуулук табат. Муну айтканымдын себеби, берки эки интернатта 100-200дөн бала жашайт, андагы тарбиячылар ар бирине жеткиликтүү көңүл бура албай калышууда”,- дейт К.Базарбаев.

Аталган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө ата-энесинин мээриминен ажыраган 12 тарбиялануучу кечээ көчүп келген. Тарбиялачылардын айтымында, мындай жакшы шарттарга келген балдар аябай сүйүнүштү. Жаңы үйдүн ичинде 4 уктоочу, 1 эс алуучу, жуунуучу бөлмө жана ашкана, жалпы 10 бөлмө бар. Ал эми жылына ага Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 1,5 миллион сом акча каражаты сарпталмакчы. 

Маалым болгондой, жыл башынан бери өлкөнүн ар бир аймагында мындай типтеги бирден үй пайдаланууга берилген. Ал эми Сокулук районунда балдар үчүн 5 интернат иш алып барат, анда 760 бала тарбияланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: