Бишкекте №3-балдар ооруканасынын 50 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди










Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте №3-балдар ооруканасынын 50 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мааракелик иш-чарага вице-мэр Айгүл Рыскулова, оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлү Марат Аманкулов, шаардык кеңештин депутаттары жана оорукананын кызматкерлери катышты. Вице-мэр Айгүл Рыскулова сөз алып, алгач мекеменин бардык кызматкерлерин куттуктап, андан соң башкы дарыгер Талантбек Өмүрбековду "Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйлады. Андан тышкары ал адистердин жетишсиздигине карабай жаш балдарды дарылап келген оорукананын эмгек жамаатынын эмегине токтолду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.