super.kg logo
  Саясат  

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги: Цементтин баасы көзөмөлдө

 

Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги облус башчыларынын орун басарлары, Ош жана Бишкек шаарларынын вице-мэрлери, цемент өндүрүүчү 2 ишкананын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Муну агенттиктен 12-декабрда билдиришти. 

Жыйында милдеттүү түрдө тейленүүчү кардарлардын тизмесин аныктоо маселеси каралды. Курулуш мезгили күчөгөндө керектөөчүлөр арасында цементке болгон тартыштык жаралышына жана ортомчулар тарабынан баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн кошумча киргизилген норма тууралуу маалымат берилди. Милдеттүү түрдө тейленүүчү жарандардын санын тез арада тактоо зарылдыгы айтылды. 

Жыйынтыгында облус өкүлдөрүнө 2015-жылга цементке болгон муктаждыктын көлөмүн жана керектөөчүлөрдүн тизмесин тактап, монополияга каршы органга 2014-жылдын 20-декабрынан кечиктирбестен берүү милдети жүктөлдү.

Жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган керектөөчүлөрдүн тизмесин атайын түзүлгөн комиссия карап чыгып, чечим кабыл алмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: