super.kg logo
  Саясат  

Дастан Сарыгуловго "билбегенден кийин энергетика тууралуу сүйлөбөй жүрүңүз" деген эскертүү берилди

 
Энергетика жана өнөр жай министрлиги 12-декабрда коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун айыптоосуна каршы билдирүү жасады. Эскерте кетсек, Сарыгулов жакында "быйыл суунун тартыштыгына өкмөт мүчөлөрү жана Энергетика министрлигинин чиновниктери күнөөлүү, тарифтерди көтөрүү негизсиз жана элге каршы саясат" деп билдирген эле. Буга коомдук ишмер өзүнүн аргументтерин келтирген.  
Энергетика министрлиги буга макул эмес жана Д.Сарыгуловдун тармак менен тааныш эместигин белгилеп, аны мындан ары энергетика тууралуу сүйлөбөөгө чакырды. "Биз сизден туура эмес маалыматтарды берүү менен коомчулукту адашууга түртпөөңүздү суранабыз. Келиңиз, акыл калчап иш кылалы, энергетикалык көйгөйлөр тууралуу сүйлөө укугун авторитеттүү эксперттерге жана компетенттүү адистерге берели",- деп билдирди министрлик.  
Мекеме быйыл суунун тартыш болушун жаратылыштын кургакчыл болушу менен байланыштырып, буга өкмөттүн күнөөсү жок экенин кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: