super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Биз Кытай жетекчилигине коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө жасаган аракети үчүн ыраазыбыз"

 

Бүгүн, 4-февралда төрага Асылбек Жээнбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Вань Кайвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Вань Кайвэнь Кыргызстанга элчи болуп келгенден бери эки өлкө ортосундагы мамилелер жанданып, байланыш, транспорт, энергетика тармактарында биргелешкен долбоорлор боюнча макулдашуулар болгонун айткан төрага "биз Кытай жетекчилигине коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө жасаган аракети үчүн ыраазыбыз" деди. 

Өз кезегинде Вань Кайвэнь эки өлкө ортосундагы мамилелер өз ара пайдалуу нукта өнүгүп жатканын белгилеп, кытай инвесторлору Кыргызстан менен кызматташуу ниеттерин билдиргенин айтты. «Алардын Кыргызстанда туруктуулук орноп, өлкөдөгү инвестициялык абал жакшыра баштаганына көзү жетти»,- деди элчи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: