super.kg logo
  Саясат  

Жергиликтүү бийликтин укуктары күчөтүлгөнү жатат, өкмөткө тийиштүү тапшырма берилди

 

Бүгүн, 12-декабрда “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө мыйзам ченемдерин ишке ашыруу” аттуу тегерек стол өттү. Катышуучулар калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү эске алуу менен бир катар мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү бийликке берүү зарылдыгын белгилешти. Депутат Абдыманап Кутушев айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимдин негизинде жергиликтүү бийлик менен тиешелүү министрликтер жана ведомстволор биргеликте аракеттениши керектигин айтты. “Мында ыйгарым укуктарды берүү маселелерин так жөнгө салууга өбөлгө түзүлөт жана ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тиешелүү ведомстволордун бирин-бири кайталаган иш-милдеттерин кыскартууга көмөк болот”,- дейт Кутушев.

Депутат Наталья Никитенко айтылган сунуш-пикирлердин баары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдарды жакшыртууга багытталган укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ тарабынан эске алынарын белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү резолюция кабыл алынды. Анын негизинде өкмөткө аракеттеги мыйзамдарга талдоо жүргүзүп, бир катар мыйзамдарды "Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнүндө" мыйзам менен шайкеш келтирүү сунуштамалары тапшырылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: