super.kg logo
  Саясат  

Министр Алиясбек Алымкулов кызматтан бошотулду

 
Кыргызстандын эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов кызматтан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев 12-декабрда кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Буйрук кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, Алиясбек Алымкулов министрлик кызматта 2010-жылдан бери иштеп келет. Анын ишине караганда жүрүм-туруму коомчулукта катуу талкууланып келди. Кызуу кандуулугу үчүн парламент депутаттарынан оозеки эскертүүнү көп алган жайы бар. Ага байланыштуу чыр акыркы жолу өкмөттүн августтагы жыйынында чыккан. Алымкулов ошол кездеги ички иштер министри Абдулда Суранчиевди "ММКларга жалган маалымат берүүдө" деп айыптап, ага "Сен эмне, президентсиңби? Сен эмес, бизде президент Алмазбек Атамбаев. Жүр, эшикке чык, эркекче сүйлөшөбүз!" деген эле.
Суранчиев муну министрдин аялынын МАИ кызматкерлерине кармалышы менен байланыштырган. "Бир апта мурун жол эрежесин бузганы үчүн МАИ кызматкерлери Алымкуловдун аялын кармашкан. Ал (ред.А.Алымкулов) мага телефон чалды. Мен Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаевге чалып, кырдаалды териштирүүнү тапшырдым. Тил табыша албай калган өңдүү",- деген Суранчиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: