super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Кыргызстан менен Башкортостандын кызматташтыгы келечектүү экенин айтты

 

Бүгүн, 12-декабрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Орусиянын президентине караштуу Башкортостандын ыйгарым укуктуу өкүлү Артур Шайнуров жетектеген делегация менен жолугушту.

Жоомарт Оторбаев: ен бул республикада болгонумда агроөнөржай комплекси жаатындагы ийгиликтерди көрүп, ыраазы болдум. Бизде жаратылыштык абалды, аба ырайын эске алуу менен айыл чарба продуктуларын натыйжалуу алмашуу жаатындагы көптөгөн мүмкүндүктөрүбүз бар",- деп билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, учурда Кыргызстан жана Башкортостан кызматташуусу алкагында айыл чарба продукциялары боюнча соода-логистикалык борборлорун түзүү келечеги бар. "Сөз сиздердин түзүмдөр жана ишкерлер айыл чарба өндүрүшүнүн продукциялары мында даярдалуусу боюнча абалды түзүүсү тууралуу жүрүүдө",- деди өкмөт башчы.

Жоомарт Оторбаев Кыргызстан жана Башкортостандын туризм жаатындагы кызматташуу темасын да козгоп кетти. Анын пикиринде, эки өлкөнүн өз ара аракеттешүүсүндө социалдык туризм долбоорун ишке ашырууга мүмкүн. "Орусияда калктын аярлуу катмарын колдоо боюнча мамлекеттик программа бар. Биз Кыргызстандын аймагын бул мамлекеттик буйрутманы ишке ашыруу үчүн пайдаланууну сунуштайбыз",- деди премьер.

Артур Шайнуров Кыргызстандын айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагы боюнча абдан чоң мүмкүндүктөрү бар экенин белгилеп: "Транспорттук-логистикалык комплексти өнүктүрүү алкагында көрүп тургандай, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен республиканын транспорттук мүмкүндүгү жогорулап, натыйжада биздин кызматташуу мүмкүндүгүбүз да кеңеймекчи",- деди.

Жолугушуунун жыйынтыгында премьер-министр Маданият министрлигине Башкортостандын маданият жана искусство ишмерлеринин сапарынын программасын даярдоо тапшырмасы берилерин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: