super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Бизде электр энергиясы арзан болгондуктан, инвесторлор үчүн пайдалуу"

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитет төрагасы Евгений Григорьев жетектеген Санкт-Петербург шаарынын делегациясы менен жолугушту. Жолугушууда премьер-министр Кыргызстан Советтер Союзу мезгилинде Санкт-Петербург менен активдүү кызматташып келгенин айтты. "Биз активдүү иштөөнү улантуудабыз",- деген өкмөт башчы Санкт-Петербург менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнөн соң чыңдалышына ишенерин билдирди. "Биз ЕАЭБ кирерибиз анык. Буга байланыштуу бажы чек арасы ачылып, федерация субъектилери жана жалпы өлкө менен кызматташууга чоң мүмкүндүктөр пайда болууда",- деди өкмөт башчы.

Премьер-министр орусиялык тарапты Кыргызстанга инвестициялай алчу Санкт-Петербург ишканаларынын мүмкүндүгүн кароого чакырды. “Бизде электр энергиясы, жумушчу күчү жана имараттардын ижарасы арзан болгондуктан, инвестициялоо жагы да пайдалуураак. Рынок бирдиктүү, Кыргызстан мыйзамдары Орусияга жакын эсептелет. Буга байланыштуу сиздердин ишканалардын ийгиликтүү иштеп кетүүгө мүмкүндүктөрү бар",- деп кошумчалады Оторбаев.

Евгений Григорьев Кыргызстан жана Санкт-Петербургдун кызматташуусунун алкагында 2015-жылга карата бир катар иш-чаралар пландаштырылганын, анын катарына Бишкекте февраль айында Санкт-Петербургдун Маданият күндөрүн өткөрүү бар экенин белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: