super.kg logo
  Спорт  

Хоккей боюнча Евразия кубогуна катыша турган курамга Дене тарбия жана спорт агенттиги 800 миң сом бөлдү

 

20-29-декабрь аралыгында Орусиянын Сочи шаарында хоккей боюнча жаштар арасында Евразия кубогу өтөт. Бул мелдеште Кыргызстандын намысын “Илбирс-Бишкек” командасы талашат. Бул команданын мелдешке катышып келүүсү үчүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен 800 миң сом бөлүндү. Калган чыгымдарды демөөрчүлөр жана спортчулардын ата-энелери көтөрөт. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 100 спортчудан иргелип, 22 спортчу кирген курам Шаардык муз аянтында учурда машыгуу сборунан өтүп жатат. Евразия кубогуна арналган мелдешке Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Латвия, Крым курамалары жана орусиялык “Ермак”, “Русь”, ЦСКА, “Ак-Барс”, “Локо-04”, “Металлург”, “Серебряные львы” клубдары катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: