super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев мамлекеттик сектордо реформа жасоо зарыл экенин айтты

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында 12-декабрда Өнөктөштөр менен өз ара алаканы өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Мамлекетти башкаруу тармагындагы маселеге токтолгон өкмөт башчы өкмөттүн негизги максаттарынын бири тармакты реформалоо экенин билдирди. "Биринчи кезекте өзүбүздүн үйүбүздө тартипти орнотушубуз керек, мамлекеттик органдардын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулата турган реформаларды жасашыбыз зарыл",- деди Оторбаев.  

Өкмөт жетекчиси Кыргызстан социалдык блокко өзгөчө көңүл бурган өлкө экенин белгилеп: "Бюджеттин 50 пайызы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоого жумшалат",- деди.

Жыйында мамлекеттик сектор, саламаттыкты сактоо жана башка маселелер боюнча докладдар окулуп, талкуу жүрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: