super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 1 рубль кыргыздын 95 тыйынына бааланууда

 

Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында рублдун курсу төмөндөөдө. Учурда 1 рублду сатып алуу 95 тыйын, сатуу 1 сомго чейин болууда. Белгилей кетсек, Орусия валютасынын курсу көп мезгилден бери 1 сом 50 тыйындык чекте кармалып келген, бирок акыркы 4-5 айдан бери кескин төмөндөө үстүндө. Буга Орусияга батыш өлкөлөрү жарыялаган санкциялар, экономикалык кырдаал, дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин төмөндөшү өңдүү факторлор себеп болууда. Мисалы, "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баррели эки эсе арзандап, 63 долларга түштү.

Эксперттердин айтымында, рубль мындан да төмөндөп, кыргыз сомунан арзан болуп калышы мүмкүн. 

Орусия акча бирдигинин арзандашы аталган өлкөдө иштеп жаткан мекендештер үчүн жагымсыз көрүнүш. Анткени алар иштеп таап, мекенине жөнөткөн акчанын (рублдун) күчү жоголууда.  

Рублдун курсунун кескин төмөндөп жатышынын негизги себептери менен бул жактан таанышсаңыз болот






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: