Путин Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүгө Ислам Каримовду көндүрө алган жок
Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү кайра жандантуу боюнча Орусия президенти Владимир Путиндин өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Орусиялык маалымат булактары жарыялашкандай, эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда Кыргызстандын түштүк аймагынын 2014-жылдын апрель айынан бери газсыз отурушу талкууланган. Бирок Өзбекстандын президенти Ислам Каримов газ берүүнү кайра жандантуу үчүн кошумча изилдөөлөр талап кылынарын айткан.
Эскерте кетсек, В.Путин 10-декабрда Өзбекстанга расмий иш сапары менен барган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

