Зайнидин Курманов: "Кыргызстанда саясий туруктуулукту сактап калуу абдан маанилүү"
"2015-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоону өткөрүүдө саясий туруктуулукту сактап калуу абдан маанилүү",- деди 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо саясий серепчи Зайнидин Курманов.
Анын айтымында, Украинада орун алган окуялар революция жасоо өлкөгө жакшы жашоо алып келүүгө жетишсиз экендигин далилдейт. "Кыргызстанда 2005-жылдан тарта ар кандай уюмдар саясий туруктуулукту сактап калуу боюнча иш жүргүзүп келишет. Биз үчүн бул абдан маанилүү",- деди серепчи.
Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин билдиришинче, парламенттик шайлоо боюнча мыйзам долбоорлорду даярдоодо бир топ суроолор пайда болууда. "Бүгүнкү иш-чарада депутаттардын пикирлерин угуу керек. Алардын ойлорун эске алуу абдан маанилүү",- деди Нарымбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















