super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Ооганстандын өкмөт башчысы менен памирлик кыргыздардын көйгөйүн талкуулады

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-декабрда Астана шаарында Ооганстандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулла менен жолугушту. Жолугушууда Оторбаев эки өлкө ортосундагы мамиленин динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, мунун жакында Ооганстанда Кыргызстандын элчилигинин ачылышы, тышкы иштер министринин Кабул шаарына иш сапары менен барып, жыйынтыгында бир катар макулдашууларга кол коюлушу тастыктай турганын айтты. Ооганстандагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы иштерге Кыргызстан жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады. Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө, памирлик кыргыздардын көйгөйүн чечүүгө басым жасалганын билдирет өкмөттүн маалымат кызматы. Абдулла Кыргызстандын өкмөт башчысын Ооганстанга расмий иш сапары менен барууга чакырды жана Памирдеги этникалык кыргыздарга ооган өкмөтү дайыма колдоо көрсөтөрүн убадалады. Айта кетсек, өкмөт жетекчилеринин жолугушуусу Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: