super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министри Ленинград блокадасынын ардагерлеринин абалы менен таанышты

 

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Ленинград блокадасынын ардагерлеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленинград блокадачылар коому министрге медициналык жардамга көбүрөөк муктаж болгон, жашы 80ден ашкан Надежда Готина, Аркадий Матюшинский, Анастасия Радионовадан кабар алууну сунушташкан.

“Алардын айрымдары бир нече жылдан бери медициналык кызматкерлерди көрө элек. Дарыгерлер ардагерлердин үйлөрүнө барышкан да эмес. Мындан тышкары алар буга чейин көптөгөн диагностикалык жана медициналык кызмат үчүн акы төлөп келишкен. Бул жагдайга шашылыш түрдө чара көрүлүшү керек”,- деди Талантбек Батыралиев.

Белгилүү болгондой, министр ар бир блокадачы менен таанышып чыгып, аларга зарыл болгон стационардык жана амбулатордук жардамдарды көрсөтүүгө буйрук кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: