Данияр Нарымбаев "Аида Саляновадан чиновниктер үлгү алышы керек" деди
Башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстандагы чиновниктерге үлгү боло алат. Мындай пикирди президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев "АКИпресстеги" маегинде билдирди. Анын айтымында, башкы прокурор коррупция менен күрөшүүгө зор салым кошууда жана коррупция менен күрөшүү боюнча элдин түшүнүгүн өзгөртө алды. "Башкы прокурор ишин мындан ары да ушундай багытта улантса, анда өлкөгө пайда гана алып келет. Эгер ал чинге, даражага, ээлеген кызмат орундарына карап иш жүргүзсө, анда, албетте, нааразы болгондор чыгат. Башкы прокурорго колдоо көрсөтүү зарыл",- деди Нарымбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

