super.kg logo
  Саясат  

Депутат Эсенгул Исаков жаңы конуштар боюнча: "Эл кепеде жашаганды токтотсун, элиталык үйлөрдү куруп жашасын"

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 15-декабрдагы жыйынында Бишкектин бир катар көйгөйлөрү айтылды. Депутат Сайдулла Нышанов шаардагы жарнамалардын чаржайыт илинип жатканына нааразы. Мэр Кубанычбек Кулматовго кайрылган депутат: "Сиз келгенден бери шаардагы жарнамалар чаржайыт болуп кетти. Ким кандай кааласа, ошондой илинип жатат. Буга чара көрүп, иретке келтирбесеңиз болбойт",- деди. 

Депутат Эсенгул Исаков шаар сыртындагы таштанды таштоочу жайга жакын жайгашкан үйлөрдүн маселесин көтөрдү. "Баары мыйзамсыз салынган үйлөр. Анысы аз келгенсип, эч кандай талапка жооп бербейт, мэриянын бул боюнча иш алып баруусун талап кылам. Монголиянын борборунда жарандар жерлерди басып алып, там салабыз деп чыгышкан. Бирок бийлик "жалаң элиталык үйлөрдү кургула же боз үй тигип отургула" деп талап койгон. Эл ал талапты аткарды, бизде да ошондой кылса болот. Эл кепеде жашаганын токтотсун. Бизге да сырттан коноктор келиши керек",- деди Исаков.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: