Ош шаардык мэриясынын кызматкери “бюджеттик каражаттарды ээлеп алган” деп айыпталууда
Ош шаардык мэриясынын кызматкери “бюджеттик каражаттарды ээлеп алган” деп айыпталууда. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылы Шаардык жол башкармалыгынын жетекчилиги менен “Сын-Таш” ишканасынын ортосунда 7 миллион 862 миң сомго жол куруу боюнча келишим түзүлгөн. Эсептөө палатасынын аудитордук текшерүүлөрүнөн соң жол курууда сметалык нарктын жогорулатылганы аныкталган. Мындан улам мамлекет 3,5 миллион сомго жакын зыян тарткан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.