Бишкекте бильярд сүйүүчүлөрүнүн арасында туңгуч Акыйкатчынын кубогуна арналган мелдеш болуп өттү























13-14-декабрда Бишкекте КРнын туңгуч Акыйкатчысы, ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулунун демилгеси менен муктаж жарандарга кайрымдуулук кылууга багытталган бильярд боюнча мелдеш өттү. 10-декабрь - Эл аралык адам укуктары күнүнө карата 6-ирет уюшулуп жаткан мелдешке бильярд сүйүүчүлөрү катышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мелдештин башкы калысы Ильяс Адамов билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Турсунбай Бакир уулунун социалдык тармактагы баракчасынан алынды
"Мелдеш 90дон ашык бильярд сүйүүчүлөрүнүн катышуусунда өтүп, 2 күнгө созулду. Алгач катышуучулар катышуу укугун алуу үчүн 1000 сомдон акча каражатын топтошту. Бул каражаттын жарымы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилди",- деп кошумчалады И.Адамов.
КРнын Бильярд спорту боюнча федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулунун демилгеси менен уюшулуп келген мелдеш түрдүү тармактын өкүлдөрүнүн ортосунда баарлашууну камсыздайт. Мындан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, оорукчан балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана көп балалуу үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүүнү камсыздайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.