Эл аралык өнүгүү ассоциациясы мугалимдерди адистик кайра даярдоого гранттык каражат бөлүүдө
Бүгүн, 4-февралда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Эл аралык өнүгүү ассоциациясы жана КРнын ортосундагы READ долбоорунун ишин баштоо жөнүндө макулдашуу катынын долбоору талкууланып, келишимди бекитүү менен Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Келишимге ылайык, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Кыргызстанга 1 миллион 200 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлүнүн айтымында, ал каражат толугу менен Билим берүү академиясы аркылуу мугалимдерди адистик кайра даярдоодон өткөрүүгө жумшалмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

