super.kg logo
  Саясат  

Тийиштүү комитет Бишкектин тазалыгын жакшыртууга багытталган макулдашууну жактырды

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 15-декабрдагы жыйынында “Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча Борбордук Азия үчүн Европа союзунун Инвестициялык фондунун гранттык макулдашуусунун долбоорун 1-окууда карады. Макулдашуунун максаты - Бишкектеги катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасына көмөктөшүү. 

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 22 миллион еврону түзөт. 11 миллиону насыя түрүндө, 11 миллиону грант түрүндө берилет. Каражаттын бир бөлүгү таштандыларды иргөөчү завод курууга, бир бөлүгү тиешелүү жабдууларды алууга, ал эми дагы бир бөлүгү таштанды төгүлгөн жерди рекультивациялоого каралып жатат. Мындан сырткары таштанды ташуучу унааларга jpc-навигатор тутумун орнотуу дагы камтылган.

Жыйынтыгында депутаттар айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен гранттык макулдашууну 1-окууда жактырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: