Жогорку Кеңештин комитети жер үлүштөрүн убактылуу пайдаланууга берүү мөөнөтүн кыскартуу сунушун жактырды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети 15-декабрдагы отурумунда Кыргызстанда жер тилкелерин ижарага берүү мөөнөтүн кыскартууга багытталган мыйзам долбоорун карады. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттин карамагында турган айыл чарба, турак жай куруу багытындагы жер тилкелеринин ижара мөөнөтүн кыскартууну көздөйт. Ага ылайык, айыл чарба багытындагы кайрак жерлерди ижарага берүү мөөнөтү 50 жылга, сугат жерлерди берүү 5 жылга кыскартылууда. Бул мөөнөттөр бүткөндөн кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер тилкесин пайдалануунун мөөнөтү узартылышы мүмкүндүгү белгиленген. Депутаттар мыйзам долбоорун 3-окууда жактырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

