Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Данияр Тербишалиевдин талапкерлиги сунушталууда
Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты
Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты
Дамира Ниязалиева, ЖКнын депутаты
Эльвира Сариева, вице-премьер-министр
Кыргызстандын эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына депутат Данияр Тербишалиевдин талапкерлиги сунушталууда. Муну SUPER.KG порталына 15-декабрда вице-спикер Төрөбай Зулпукаров билдирди. Тербишалиевдин талапкерлигин учурда КДСП фракциясы жабык эшик артында карап жатат.
Эскерте кетсек, 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Алиясбек Алымкулов эмгек, миграция жана жаштар министри, Канат Садыков билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулушкан.
Билим берүү жана илим министрлигине вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын талапкерлиги, ал эми бошой турган вице-премьер-министрлик кызматка депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















