super.kg logo
  Спорт  

Баскетболчу Коби Брайант оюнда салган упайларынын саны боюнча Майкл Жордандан ашып түштү

 

Америкалык баскетболчу, «Лейкерс» клубунун оюнчусу Коби Брайант оюнда салган упайларынын саны боюнча легендарлуу баскетболчу Майкл Жордандан ашып түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Брайант «Миннесота Тимбервулвз» клубу менен болгон оюнда 26 упай салып, Улуттук баскетбол ассоциациясынын тарыхындагы эң көп упай салган баскетболчулардын алдынкы үчтүгүнө кирди. 36 жаштагы Брайанттын эсебинде 32 310 упай болсо, Майкл Жордан 32 292 упай салган эле. Коби Брайант карьерасында Майкл Жорданга катуу атаандашып, керек болсо №24-футболканы да тандап алган. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, М.Жордан №23-футболка менен ойноп келген. 

Кошумчалай кетсек, бул жаатта рекорд ээлери болуп Карим Абдул-Жаббар (38 387 упай) менен Карл Мэлоун (36 928 упай) саналат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: