Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине сунушталган талапкер боюнча КСДПнын акыркы чечими 16-декабрда чыгат
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Данияр Тербишалиевдин талапкерлигин карап, чечим кабыл алууну 16-декабрга калтырды. Муну жабык эшик артында өткөн жыйындан чыккан вице-спикер Төрөбай Зулпукаров SUPER.KG порталына 15-декабрда билдирди. Зулпукаров жыйында билим берүү жана илим министрлигине вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын талапкерлиги, ал эми бошой турган вице-премьер-министрлик кызматка депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги калганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Алиясбек Алымкулов эмгек, миграция жана жаштар министри, Канат Садыков билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

