super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасында чүчү кулак ташталды: Жарым чейрек финалда ПСЖ менен "Челси", "Барселона" менен "Манчестер Сити" ойнойт

 
Бүгүн, 15-декабрда Швейцариянын Ньон шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалы үчүн чүчү кулак таштоо аземи болуп өттү. Анда бир катар футбол ишмерлери 2014-2015-жылкы сезондо тайпалык баскычта биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалардын атаандаштарын аныктады. Төмөндө тайпадан биринчи жана экинчи болуп чыккан командаларды, жарым чейрек финалдагы атаандаштарды көрө аласыздар... 

Тайпалардын жеңүүчүлөрү: "Атлетико" (Испания), "Реал" (Испания), "Монако" (Франция), "Боруссия" (Германия), "Бавария" (Германия), "Барселона" (Испания), "Челси" (Англия), "Порту" (Португалия).  

Экинчи орунду ээлеп чыккан командалар: "Ювентус" (Италия), "Базель" (Швейцария), "Байер" (Германия), "Арсенал" (Англия), "Манчестер Сити" (Англия), ПСЖ (Франция), "Шальке-04" (Германия), "Шахтёр" (Украина). 
Чүчү кулак таштоо аземинин башталышында УЕФАнын башкы катчысы Жанни Инфантино командалар менен тааныштырып өттү. Андан соң сахнага германиялык экс-футболчу, 1990-жылы Германиянын курамында Дүйнө чемпиону аталган, 1997-жылы дортмунддук "Боруссиянын" курамында Чемпиондор Лигасын утуп алган Карл-Хайнц Ридлени чакырды. Жыйынтыгында ал атаандаштарды төмөнкүдөй тартипте жолуктурду:  

ПСЖ (Франция) – "Челси" (Англия)

"Барселона" (Испания) – "Манчестер Сити" (Англия)

"Байер" (Германия) – "Атлетико" (Испания)

"Ювентус" (Италия) – "Боруссия" (Германия)

"Шальке-04" (Германия) – "Реал" (Испания)

"Шахтёр" (Украина) – "Бавария" (Германия)

"Арсенал" (Англия) – "Монако" (Франция)

"Порту" (Португалия) – "Базель" (Швейцария) 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: