Нарын. 2012-жылы Нарын шаары боюнча 18128 метр куб таштанды чыгарылган
Учурда Нарын шаардык муниципалдык “Таза Нарын” ишканасында 92 адам эмгектенүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Ал жерде иштеген кызматкерлердин орточо айлык маянасы 7500 сомду түзөт. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2012-жылга карата бул ишканага 14 миллион 360,6 сом бөлүнгөн. Ал эми шаардын тазалыгын камсыз кылууга учурда 10 техника кызмат көрсөтүүдө. Маалыматтарга таянсак,
Нарын шаарынан таштанды чыгарууга күн сайын 7692 сомдук, айына 200 миң сомдук күйүүчү май керектелүүдө. 2012-жылы Нарын шаары боюнча 18 128 метр куб таштанды чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

