super.kg logo
  Саясат  

Токтогул Туманов, депутат: "Эльвира Сариеванын билим берүү министрлигине сунушталышы анын вице-премьерлик ишине тиешеси жок"

 

КСДП фракциясы вице-премьер-министр Эльвира Сариеваны билим берүү жана илим министри кызматына сунуштады. Эмне үчүн билим берүү жана илим министрлигине буга чейин ансыз да социалдык блокту жетектеп келген вице-премьер Сариеванын талапкерлиги көрсөтүлдү? Себебин депутат Токтогул Туманов 15-декабрда SUPER.KG порталына минтип түшүндүрдү: “Сариева вице-премьерлик кызматтан иштей албай калып же туура эмес иштеринен улам кетип жаткан жок. Өзгөчө акыркы мезгилде билим берүү тармагынын деңгээли өтө төмөндөп кеткендиктен, биз андан ушул тармакка жакшы көңүл бурууну өтүнүп, министр болууну сунуштадык”.

Айта кетсек, билим берүү жана илим министрлигине вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын талапкерлиги, ал эми бошой турган вице-премьер-министрлик кызматка депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги каралууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: