Эльвира Сариева 2015-жыл боюнча социалдык блоктогу министрликтердин планын кайра иштеп чыгуу керектигин айтты
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 15-декабрда 2014-жылкы пландардын аткарылышы боюнча социалдык блоктогу министрлик жана мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Жыйында министрлик менен мекемелердин башчылары жыл ичинде жасалган иштер тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары социалдык блоктун кийинки жылкы планы талкууланды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Эльвира Сариева министрликтер менен ведомстволордун иш планында кемчиликтер бар экенин, документти кайрадан толуктап иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

