super.kg logo
  Саясат  

Талас. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү “Супер-Инфого” ийгиликтерди каалады

 
Бүгүн Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата салтанат болуп өттү. Салтанатка атайын чакыруу менен “Супер-Инфонун” Таластагы өкүлчүлүгү да катышты. КРӨнүн Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү К.Курманалиева маалымат жана басма сөз кызматчыларын куттуктап, сөз сүйлөдү. Телевидениенин жана гезиттердин журналисттерин Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады. К.Курманалиева өз сөзүндө “Супер-Инфо” гезитинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн ачылганына аз убакыт болгонуна карабай, маалыматты элге жеткирүүдө алгылыктуу иштеп жаткандыгын баса белгилеп, ийгиликтерди каалады.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: