Кыргызстандагы чет өлкөлүк жарандар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркы бекитилди
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ММК полисинин наркы эсептелди жана бир айга 1012 сом, бир жылга 12 149 сом өлчөмүндө бекитилди. Муну бүгүн, 15-декабрда аталган фонддон билдиришти.
Фонд тарабынан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргызстандын аймагында болуу узактыгына жараша ММК полистерин милдеттүү сатуу аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандырууну уюштуруу жагы чечилип жатканы айтылды. "Бүгүнкү күндө өлкөдө милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтылбаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар саламаттыкты сактоонун колдонуудагы мамлекеттик программаларына ылайык медициналык кызматтарды алууга кызыкдар",- деп билдирет мекеме.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси - милдеттүү медициналык камсыздандыруу системиндеги ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызматтарды алууга укук бере турган документ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

