super.kg logo
  Саясат  

Канжар Кадыралиевди табуу боюнча ИИМ Интерполго кайрылды

 

Ош шаардык прокуратурасынын мурунку кызматкери, Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге издөө жарыялоо боюнча ИИМ Интерполго кайрылды. Муну бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG`ге Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, Канжар Кадыралиев башка ысымды пайдалануу менен өлкөдөн сыртка чыгып кетиши мүмкүн.

"Жабырлануучулар анын Ошто жүргөнүн бир айдан бери айтып келишет, бирок издеп таппай жатабыз. "Милиция издебей жатат" деген сөздөр туура эмес, аны табуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө, бирок дайыны жок. Канжар Кадыралиевдин өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча Чек ара кызматында маалымат жок. Бирок "башка бирөөнүн ысымы менен чек арадан мыйзамсыз өтүп кетиши мүмкүн" деген божомол бар. Ошондуктан Интерполго кайрылып, материалдарды жөнөттүк",- деди Ашырбаев.   

Буга чейин Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон.

Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: