Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү
Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 16-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев, Исанов, Чуйков, Месарош көчөсүндөгү №95 “А” көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлдү.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан, Татыр, Чуңкурчак, Аламүдүн, (Алматы, Заречная, Чапаев, Набережная, Гидрокурулушчулар көчөлөрүндө) 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгына чектөө киргизилди.
Саат 09:00дөн 12:00гө чейин Сокулук районундагы Жыламыш, Маловодное, Белек, Кара-Сакал, Ысмайыл, Новый айылдарында жарык өчүрүлсө, саат 12:00дөн 15:00гө чейин Военно-Антоновка, Учхоз, Студенттик, Комсомол айылдарында электр жарыгына чектөө киргизилиши ыктымал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















