super.kg logo

Өткөн суткада өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, Кадамжай районунда турак үйдүн чатыры күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 16-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Борбордогу Алтын-Ордо жаңы конушунда Мерседес үлгүсүндөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу унаанын мотор отсеги жана ички салону күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо техникалык эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Кадамжай районуна караштуу Жаш-Тилек айылындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен шифер жабылган турак үйдүн 36 чарчы метр чатыры, 36 чарчы метр жыгач полу, 36 чарчы метр фанерадан шыбы, 2 терезе, 2 сандык, төшөнчүлөр, эшик, палас, килем жана үй ээлеринин документтери күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: