super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев: "Кийинки парламентке 3 эле партия өтүшү мүмкүн"

 
"Эгер демилгеленип жаткан шайлоо боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор күчүнө кирсе, кийинки парламентке үчтөн ашык партия өтө албай калышы мүмкүн",- деди бүгүн, 16-декабрда журналисттерге "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев.
Анын айтымында, парламенттик шайлоого катышууга партиялар үчүн күрөөнүн көлөмүн 5 миллион сомго чейин көтөрүү керек. "Мындан тышкары парламентке өтүш үчүн босоголук чекти 10 пайызга чейин көтөрүүнү колдойм. Мындай өзгөрүүлөр партиялардын парламентке өтүшүнө тоскоолдук түзүү, аларды шайлоого катыштырбай коюу ниетинде эмес, ири, күчтүү, жоопкерчиликтүү партиялардын парламентке келиши үчүн сунушталууда",- деди Ташиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: