Ак-Талаа районунун Көк-Жар жана Ак-Кыя айылдарына суу жеткирүүчү түтүктөрдүн курулушу аяктады

Республикалык бюджеттин эсебинен (“Капиталдык салымдар” беренеси боюнча) Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл округунун Көк-Жар жана Ак-Кыя айылдарына суу жеткирүүчү түтүктөрдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 16-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган объекттин курулушу 2014-жылы башталган. Объекттин долбоордук-сметалык наркы 1,5 миллион сомду түзөт.
Быйыл бекитилген мамлекеттик курулуштардын жана объекттердин тизмегине ылайык, суу түтүгүнүн курулушун аяктоого кошо каржылоо үчүн бюджеттен 1,5 миллион сом көлөмүндө каражат каралып, Турак жай-жарандык курулуш департаментине толугу менен бөлүнүп берилген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

