super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Казакстандын президентин мамлекеттин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 16-декабрда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаевди мамлекеттин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө башчы куттуктоо телеграммасында Кыргызстан коңшу Казакстан мамлекетинин эл аралык аренадагы жетишкендиктерин жана ийгиликтерин кубануу менен кабылдаганын белгиледи.

“Кыргызстан менен Казакстандын салттык достугу, биргелешип иш алып баруу жана стратегиялык өнөктөштүк боюнча мамилелери мындан ары да элдин келечеги жана өлкөлөрдүн өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем",- деп айтылат Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо катында.

Алмазбек Атамбаев Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, мамлекетти башкаруу ишмердүүлүгүнө ийгилик, казак элине тынчтык каалап өттү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: