super.kg logo
  Саясат  

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча 400гө жакын киши суракка алынганы айтылды

 

19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча 400гө жакын киши суракка алынды. Муну ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 16-декабрдагы жыйынында айтты. Анын билдиришинче, бул ишти ички иштер министри Мелис Турганбаев жеке көзөмөлүнө алган.

“Тергөө учурунда жаңы фактылар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Бул иш министрдин көзөмөл астында уланууда”,- деди Жапаркулов.

Депутат Бактыбек Калмаматов иш тууралуу: “Сиздердин тергөөңүздөр жүргүчө эле массалык маалымат каражаттары иштин жарымын ачып коюшту. Кимдердин катыштыгы боюнча маалыматтар тарап жатат. Бул боюнча кандай фактылар бар?”- деп суроо берди.  

Жапаркулов бул тууралуу тергөө иштери улантылып жатканын айтып, бирок фактылар тууралуу ачык айткан жок. “Массалык маалымат каражаттарына жазылып жаткан айрым белгилүү адамдар тууралуу да маалыматтар каралууда”,- деди министрдин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: