Жыл башынан бери өлкө аймагында 6691 жол кырсыгы катталып, 897 адам каза тапкан



Үстүбүздөгү жылдын башынан бери өлкө аймагында өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыгы 1,1 пайызды түзгөн. Башкача айтканда, былтыр 6767 жол кырсыгы катталса, быйыл 6691ди түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда маалымат жыйынында КРнын ИИМинин Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
"Өлкө аймагындагы катталган жол кырсыктардын айынан каза болгондордун саны 20,5 пайызга азайып, былтыркы жылга салыштырганда 237 адамга кыскарды. Былтыр 1129 адам каза тапса, быйыл 11 ай аралыгында алардын саны 897 адамды түздү",- деди С.Дьяченко.
Маалыматка ылайык, катталган жол кырсыктардын ичинен жаш балдардын катышуусу менен болгон жол кырсыктардын саны 1394тү түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 пайызга азайган. Былтыр жол кырсыктарынан 133 бала каза болсо, быйыл алардын саны 111 баланы түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ariet7

19.12.2014. 05:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ кудай кенедей кыргызстан учун бул корсоткуч аябай эле коп да (((
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.