super.kg logo

Бишкектеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга балаты майрамы уюштурулду

 
Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги "Сейтек" республикалык балдар жана өспүрүмдөр борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан уюштурулган иш-чарада ырчылар, балдардын бий ансамблдери, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдар концерт коюшту. Балаты майрамына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышты. Майрамга күбө болгон 585 балага белек-бечкектер таратылды.
"Ар бир коомдун өнүгүшү карыларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жарандарга болгон мамилесинен бааланат. Бишкекте 18 жашка чейинки 2200 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Тилекке каршы, алардын баары жетиштүү деңгээлде камкордукка алынбай, көңүл бурулбай келет. Ушундан улам Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ушул майрамды өткөрүп жатышат",- деп билдиришти уюштуруучулар.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: