super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө иштери бир тараптуу жүрүп жатканын айтышты

 

“Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө иштери бир тараптуу жүрүп жатат”,- деп билдиришти депутаттар Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 16-декабрдагы жыйынында. Айтымдарында, Ички иштер министрлиги аталган факт боюнча айрым маалыматтарды ачыкка чыгарбай, жашырууда.

Депутат Ширин Айтматова ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркуловго кайрылып, буларды айтты: “Дүйшөбаеванын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев мага келип, “кылмыш иши болгондон 10 ай өтсө да, эч кандай жыйынтык чыкпай жатат” деп арызданды. Ал ишти тергеп жаткандарга кайрылып, “кылмышка шектүү адамдардын арасында башкы прокурор Аида Салянованын агасы Калый Салянов менен “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Осунбек Жамансариевдин сүрөтү эмнеге жок болуп жатат?” деп кайрылса, тергөөчүлөр “Алардын сүрөттөрүн кантип кошмок элек?” деп жооп беришиптир. Мына, тергөө бир жактуу жүрүп жатат. Бийлик, байлык бар жерде бардык эле учурда тергөө иштери калыс болбой калчу”,- деди Айтматова. 

Жапаркулов мындай маалыматка ээ эместигин айтты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: