Саламаттыкты сактоо министрлигинде быйыл 34 коррупциялык схема табылганы айтылды
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинде быйыл 34 коррупциялык схема табылды. Муну 16-декабрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев саламаттыкты сактоо системиндеги коррупция боюнча өткөн жыйында билдирди. "2014-жылдын 17-июнунда системдүү коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген. Бул аралыкта министрликте 5 коррупциялык аймактын бети ачылды",- деди Маматалиев.
Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоготуу үчүн ар бир органда коррупцияга каршы иш жүргүзүүчү комиссиялар түзүлгөнүн айткан вице-премьер "саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция жарандардын медицина кызматкерлерине болгон ишеничин жоготууда" деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

