super.kg logo

Биометрикалык маалымат тапшырбаганы үчүн студенттер кысымга алынып жатканы айтылууда

 

Кыргызстандын мамлекеттик органдары кандайдыр бир документ берүүдө, кызмат көрсөтүүдө, жөлөк пул берүүдө жарандардын биометрикалык маалыматын тапшырып-тапшырбаганын текшерүүгө алууда. Биометрикалык маалыматын бере элек жарандар түрдүү тоскоолдуктарга кабылып жатышат. Муну бүгүн, 16-декабрда өздүк булактарыбыз билдиришти. Маалыматка таянсак, окуя мындай: Жаран каттоосун айылдан чыгарып, шаарга каттоого туруу иштери боюнча айылдык паспорттук столго кайрылган. Бирок аталган мекеме жарандын өтүнүчүн орундатуудан баш тартып, алгач биометрикалык маалыматын тапшырып келүүсүн талап кылган.

Өздүк булактарга таянсак, ата-энесинин биометрикалык маалымат тапшырбаганы үчүн мектеп окуучуларын кысымга алуу фактылары катталууда. ЖОЖдордо студенттерден сынак тапшыруудан мурун биометрикалык маалыматтарын тапшыруу талап кылынып жатканы айтылууда.

16-декабрда маалымат жыйын өткөргөн юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов биометрикалык маалыматтар биринчи кезекте мамлекетке эмес, карапайым калкка керек экенин айтты. Анын айтымында, эгер жаран 2015-жылдын июль айына чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса, шайлоодо добуш бере албайт, документ, жөлөк пул алууда да маселе жаралат. Кыскасы, укуктары чектелет.

Кошумчалай кетсек, өздүк маалыматтарды чогултуу иши быйыл августта башталган. Анда 16 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар маалыматтарын тапшырууга милдеттүү. Өкмөт биометрикалык маалыматтар биометрикалык паспорт үчүн эле эмес, кылмыштуулукту кыскартуу жана таза шайлоо өткөрүү үчүн да пайдаланарын маалымдап келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
16.12.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан адам укугун КОРДОГОН олкого айланды.. Студенттерге сессия допуск жок экен отпосо..
16.12.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа бул чындык элди коркутуп мажбурлап откоруп жатат пенся кыскарат посабя берилбейт деп мына бийликтин саясаты
16.12.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биометрикадан отпогон студенттер отчисления болот деп биздин мугалимдерден уктум
16.12.2014. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен айыл окмотто иштейм. Бизге налог салгандай эле милдеттендиришти кунуно моонча киши алып келесин деп эле. Биз районго , областька сводка беришибиз керек, аз болсо косяк чуть эле президент чалып жиберейин дейт. Бул шайлоонун шайтан оюну нак эле. Бардык элдин данныйлары менин колумда турса мен каалаган адамыма каалагандай добуш берип кое адамда да мисалы! Нак каша эми башталат!
16.12.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
novayariga, Сиз муниципиалдык кызматта иштеген сон мыйзамды сыйлашыныз керек. Мамлекеттик кызматкер купуялыкты сактабагандыгы учун жооп берет. Эгер каалабасаныз арызды жазып оз каалоонуз менен жумуштан кетиниз, сиздин ордунузда иштей тургандар орду качан бошойт деп кутуп эле турушат.
17.12.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzada-5, Al dele bolgonun aytyp jatat da... Misaly menin inimdin gruppasyn bio.dannyilardy tapsjyrbaganga sessiyaga dopusk jok dep atyptyr... Ar bir adamdyn al jeke maalymaty. Emne uchun berish kerek?
17.12.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzada-5, Булмамлекеттик купуялуулукка кирбейт да. Биометрикалык маалыматты тапшырбагандарга пенсия, пособия берилбесин деген мыйзам жок азырынча. Ошондуктан ар бир адамдын оз эрки. Ким каалаган мезгилде тапшырат
17.12.2014. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzada-5, Кечиресиз коз коруноо зордоп жатса бул мамлекеттик купуяга киреби?
16.12.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ушуну саясатка айландыруунун кажети бар беле. Акыры тапшыра турган нерсеби тапшырыш керек. Малдай болуп кылдан кыйкым издеген эле кишилер.
17.12.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzada-5, Ooba, bul jerde nakta ele sayasat jatat... Bolboso biometriyalyk pasporttor dayar emes turup emnege dannyilaryn alyp jatyshat? Sayasatty korup ele turasyz da...
17.12.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым буйруса бардыгы жакшы болот алтындарым!!! Кыргызстан онолот!::)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: