Алмамбет Шыкмаматов: "Чет өлкөнүн тыңчылары деп бейөкмөт уюмдардан шек саноо туура эмес"
"Чет өлкөнүн тыңчылары деп Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардан шек саноо туура эмес". Муну 16-декабрда маалымат жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Министр өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын 90 пайызы мамлекетке өнөктөш экенин айтат. "Демократиялык коомдун башкы талаптарынын бири - күчтүү жарандык коом. Көптөгөн бейөкмөт уюмдар билим берүү, социалдык жана башка тармактарда мамлекетке өнөктөш болууда. Бирок мыйзамга айрым жагдайлар боюнча түзөтүү киргизүү керек. Айрым уюмдарда үй-бүлөсү менен иштегендер бар, атасы айдоочу, кызы эксперт болуп. Буга чек коюш керек",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

