super.kg logo

Ыманалы Саркулов: "Өлкөдөгү оң рулдуу унаалардын саны 16,5 пайызды түзөт"

 

Өлкө аймагында оң рулдуу унаалардын саны 16,5 пайызды түзөт. Ал эми алардын катыштыгы менен катталган жол кырсыктарынын оор кесепеттеринин көрсөткүчү 24 пайызды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда маалымат жыйынында ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Жол-кайгуул кызматында коррупциялык схемалар көп деген сын-пикирлер айтылып келет. Учурда андай схемаларды жоюу максатында биздин кызматта бир катар иш-чаралар жүрүүдө. Мисалы, ар бир постто турган унаалардын сыртында ишеним телефондору жазылган жана видеокөзөмөл орнотулган. Ошондой эле ар бир постто айып пул кабыл алуучу пост-терминалдар орнотулду. Бул жагдай айдоочуларды убара болбостон, ошол жерден айып пулун төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Анда өлкө аймагында банк тармагында колдонулуучу бир нече банктын карталары аркылуу төлөм кылууга мүмкүн”,- деди Ы.Саркулов.

Белгилүү болгондой, өлкө аймагында бүгүнкү күндө жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн төлөм кабыл алуучу 75 терминал иш алып барууда. Ошондой эле жол-кайгуул постторундагы унааларга Бишкек шаары боюнча 144 пост-терминал, Чүй облусу боюнча 93 пост-терминал, Ош облусу боюнча 15 жана Жалал-Абад облусунун жол-кайгуул постторуна 10 пост-терминал берилген.       






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.12.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура эмес болуш керек, жадырап жайнаган он рульдуу машина кантип эле 16,5 пайызды тузсун.100 машнеден 16,5 он рулдуубу? менче 100-70% болсо керек
16.12.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
16,5 пайызы??? Койчу коен тамашанды...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: