super.kg logo
  Саясат  

Өндүрүштүк жардыргыч заттарды сатуу, ташуу, сактоо иштерине көзөмөл күчөйт

 

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 16-декабрдагы жыйынында "Өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянсак, мыйзам долбоорунда өлкө аймагында өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздери жана принциптери аныкталууда. 

Долбоордо өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл бөлүгүндө Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин, Ички иштер министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Экономика министрлигинин ортосундагы иш-милдеттерди чектөө каралган.

Мындан тышкары жеке жактардын жардыргыч материалдарды жүгүртүүсүнө уруксат берүүнү белгилеген жоболор, жардыргыч материалдарды сатып алуу, сатуу, ташуу, сактоо, колдонуу, жок кылуу жана алып коюу тартиби, жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланыштуу чектөөлөр аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: